Румыния АКШдан «Патриот» ракета системасын алат

Румыния АКШ өкмөтүнөн 3 plus конфигурациялуу 7 «Патриот» ракета системасын сатып алат.

851591
Румыния АКШдан «Патриот» ракета системасын алат

Румыниянын коргоо министри Михаи -  Виорел Фифор, сенаттын коргоо комиссиясынын сүйлөшүүлөрүнөн кийин массалык маалымат каражаттарына берген маалыматында армиянын бул коргонуу системасы менен камсыздалышынын Румынияны тандамал «Европа жана глобалдык коргонуу клубуна» киргизгендигин белгилеп, АКШ өкмөтүнөн 3 plus конфигурациялуу 7 «Патриот» ракета системасын сатып алуу үчүн кабыл алуу катынын келгендигин жарыялады. Министр Фифор Румыния армиясы үчүн мунун бир кадам экендигин белгилеп, бул жылы 7 «Патриот» системасынын биринчисин гана сатып алгандыгын жана системанын 2020 – жылы ишке кирерин билдирди. Ракета системасынын алынышына тийиштүү жабдыктар, запас бөлүктөр, билим менен камсыз кылуу, жана баштапкы материалдык-техникалык колдоо пакети да кошулду. Жалпы наркы 3, 9 миллиард доллар болгон 7 даана  Sol-Aer Patriot системасынын алынышы тууралуу коргоо комиссиясынын оң көз караш билдирүүсүнөн кийин мыйзам долбоору сенаттын Жалпы Кеңешине келет.



Тектеш кабарлар