Ливия 46 качкынды Алжирге тапшырды

Ливия аркылуу мыйзам тышы жолдор менен Европага  өтүүгө аракет кылып, Зувара шаарында кармалган 46 алжирдик өлкөлөрүнө жиберилди.

851745
Ливия 46 качкынды Алжирге тапшырды

Ливия аркылуу мыйзам тышы жолдор менен Европага  өтүүгө аракет кылып, Зувара шаарында кармалган 46 алжирдик өлкөлөрүнө жиберилди.

Тышкы иштер министрлигинин катчысы Абдулазиз бин Али еш  -  Шериф Европага өтүүгө аракет кылып Ливиянын Зувара шаарында кармалган алжирдик 46 качкындын 3 группа түрүндө тапшырылгандыгын белгиледи.

Алжирдик качкындардын Тунис аркылуу кургактык жолу менен алып келингендигин айткан Шериф бул кишилердин чек арага жакын бир борбордо саламаттык текшерүүсүнөн өткөрүлгөндөн кийин абалдарынын жакшы экендигин белгиледи.

Алжир адам укуктары коому ноябрь айынын башында Ливиянын Зувара шаарында кармалган алжирдик мыйзам тышы качкындардын койо берилиши үчүн тышкы иштер министрлигин аракетке өтүүгө чакырды.



Тектеш кабарлар