Фараондун билинбеген казынасы көргөзмөгө чыгууда

Тутанхамон колдонгон башка жеке буюмдар орун алган коллекция 45 күн ачык болот.

848850
Фараондун билинбеген казынасы көргөзмөгө чыгууда

Фараон Тутанхамондун алтын коллекциясы биринчи жолу көргөзмөгө чыга баштады.

Египеттин борбор шаары Каирдин Тахрир аянтындагы Египет музейинин ачылышынын 115 – жылындагы иш чаралардын негизинде Египетте биздин заманга чейин 1334 – 1325 – жылдары өкүм сүргөн Фараон Тутанхамондун алтын коллекциясы биринчи жолу көргөзмөгө чыга баштады. Көргөзмөнүн ачылышына Египет тарыхый чыгармалар министри Халид  ел  -  Анани египеттик жетекчилер, туристтер жана кээ бир чет элдик дипломаттар катышты. Анани журналисттерге берген маалыматында коллекциядагы буюмдардын египеттик жана немис адистер тарабынан 2014 – жылы башталган жана үч жылга созулган эмгектин натыйжасында бириктирилгендигин айтты.

Коллекциянын 1922 – жылы жарыкка чыгарылгандыгын белгилеген Аннани табылган казынанын миң кичинекей алтын бөлүкчөлөрдөн тургандыгын билдирди.

Египеттик министр бөлүкчөлөрдүн адистер тарабынан бириктирилишинин натыйжасында 85 башка обьектинин ортого чыккандыгын жана булардан 55нин музейде көргөзмөгө чыга баштагандыгын айтты.

«Тутанхамондун мындан мурда билинбеген казынасы» деп аталган жана куралдар, калкандар, согуштарда колдонулган дөңгөлөктөр менен Тутанхамон колдонгон башка жеке буюмдар орун алган коллекция 45 күн ачык болот.

Егиепт музейи 1902 -  жылы Хидив 2  - Аббас Хилми мезгилинде ачылган. Музейдеги чыгармалар Гиза пирамидаларынын жакынында курулушу улантылып жаткан жана 2018 – жылы ачылышы күтүлүп жаткан Чоң музейге көчөт.



Тектеш кабарлар