Түндүк Кореядан Трампка карата акаарат

АКШ жана Түштүк Кореянын ортосундагы «атомдук араздашуу» улантылып, Пхеньяндан АКШнын президенти Дональд Трампка карата билдирүү келди.

838847
Түндүк Кореядан Трампка карата акаарат

АКШ жана Түштүк Кореянын ортосундагы «атомдук араздашуу» улантылып, Пхеньяндан АКШнын президенти Дональд Трампка карата билдирүү келди. Расмий маалымат агенттиги KCNAнын Трамптын Түндүк Корея тууралуу Fox Newsка берген маалыматтарына жооп берген жазууда : «Жоопкерчиликсиз, жаман, чечендик менен таанылган  Трамптын оозу дагы бир маселе жаратты»,- деди.

Трамптын андан мурда БУУнун Жалпы Кеңешинде «Түндүк Кореяны жок кылуу» менен коркуткандыгы эске салынган жазууда : «Трамп чыныгы жүзүн дүйнө алдында көрсөттү жана дарысы табылгыс акыл оорусу диагнозу коюлду»,- деп билдирилди. Жазууда Түндүк Кореяга карата санкциялардын «үмүтсүз аракеттер» экендиги баса белгиленди.

Трамп Түндүк Кореяны «каардануу жана кыжырдануу» жана «бороондон мурунку үнсүздүк» деген сөздөр менен эскертип, БУУнун Жалпы Кеңешиндеги сөзүндө АКШнын өзүн же союздаштарын коргоосу менен Түндүк Кореяны толугу менен жок кыла аларын айткан болчу.

Трамп ушул эле сөзүндө Түндүк Кореянын лидери Жонг  - унду да «Ракета адамы» деген сөздөр менен кемсинткен. Ким да Трампка үн салып : «Алжыган америкалыкка айткан сөздөрүнүн ачуусун чыгарттырам»,- деген.



Тектеш кабарлар