Орусияда президенттикке талапкер боло турган Ксения Собчак Крымдын Украинага таандык экенин айтты

Собчак Крым туурасында айткан билдирүүсүнүн себебинен жоопко тартылып калышы мүмкүн

833889
Орусияда президенттикке талапкер боло турган Ксения Собчак Крымдын Украинага таандык экенин айтты

Орусияда келээрки жылы өткөрүлө турган президенттик шайлоодо талапкерлигин коерун билдирген журналист жана алып баруучу Ксения Собчак, эл аралык мыйзамдар боюнча Крымдын Украинага таандык экенин айтты.

Борбор шаар Москвада маалымат жыйын өткөргөн призенттикке талапкер: «Эл аралык мыйзамдар боюнча Крым Украинага таандык. Чекит»,-деди жана ар кимди бул темада сүйлөшүүгө чакырды.

Крымда көп сандаган орус жаранынын жашаганын жана булардын Крымдын Орусияга кошулушун колдогондорун эске салган Собчак, бирок мунун 1994-жылкы Будапешт меморандумуна туура келбегенин белгиледи.

Украина кризисине да токтолгон Собчак: «Саясатчы эмес, айым Ксения Собчак катары муну айта аламын, учурда Орусия менен Украина үчүн эң маанилүү нерсе достугубузду кандай болсо дагы кайрадан түзүү. Чекит»,- деп айтты.

Собчак Крым туурасында айткан билдирүүсүнүн себебинен жоопко тартылып калышы мүмкүн.

«Агора» адам укуктары тобунун жетекчиси Павел Чиков, Орусияда жана айрыкча басылып алынган Крымда ушуга окшогон сөздөрдү айткан 20дан ашуун кишиге каршы доо коюлуп жазага тартылганын эске салды.

Орусия Крымды 2014-жылы аннексиялап алган болчу.



Тектеш кабарлар