Кытай космостук станциясы жерге түшүүдө

8, 5 тонна салмактагы космостук станциясы Tiangong-1 жер шарына түшүүгө өттү.

827892
Кытай космостук станциясы жерге түшүүдө

 2011- жылы Кытай космоско жиберген 8, 5 тонна салмактагы космостук станциясы Tiangong-1 Пекин башкаруусунун текшерүүнү жоготушунан кийин жер шарына түшүүгө өттү.

Адистер 100 колограммга жакын урандылардын жер шарында кайсы жерге түшөрү азырынча белгилүү эмес экендигин айтышууда. Tiangong-1 башка аты сенен «Көк Сарай  - 1» текшерүүдөн чыгып жер шарына карай келе жаткан. Станцянын бир канча айдын ичинде жерге түшүшү күтүлүүдө. Tiangong-1 Кытайды «космостук супер күчкө» айландыра турган бир илимий проекти катары көрүлүп жаткан.

Учурулгандан бир жылдан кийин 2012 -  жылы өлкөнүн биринчи аял космонавты Лиу Янг да барган станция уякучсуз жана учкучтуу космостук унаалар үчүн колдонулду.

Кытай жетекчилери 2016 – жылы космостук станциясынын текшерүүсүн жоготушкандарын ырасташты. Кытайдын космостук агенттиги БУУмуна станциянын 2017 – 2018 – жылдардын ортосундагы убакытта жерге келип түшөрү тууралуу маалыматты беришти.

Англис Guardian гезити Майкл Слезактын кабарына караганда станциянын орбитасы ырааттуу түрдө  күчүздөнүү менен бөлүнүүдө. Өткөн жумаларда атмосферанын дагы тыгыз катмарларына жеткен станциянын жерге түшүү ылдамдыгы да барган сайын ылдамдап баратат. Мындан мурунку текшерүүсү жоголгон абдан чоң космостук унаалар жерге кайра кайтып келген, бирок эч бири жерде жараланууга себеп болгон эмес.

1991 -  жылы советтер союзуна таандык 20 тонналык «Салют  - 7» станциясы башка бир 20 тонналык космостук унаа менен бирге жерге түшкөн. Бөлүкчөлөр Аргентинанын Capitán Bermúdez шаарына түшкөн.

1979 -  жылы Америка Улуттук Авиация жана Космостук мекемеси текшерүүсүн дээрлик толугу менен жоготкон 77 тонналык космостук станция Skylab да ылдам түрдө жерге түшүүгө өткөн, чоң бөлүкчөлөрдүн кээ бирлери да Батыш Австралияга түшкөн.



Тектеш кабарлар