Трамп Азия өлкөлөрүнө сапарга чыгат
Сапары кайсы өлкөлөрдү камтыйт ?
АКШнын президенти Дональд Трамп ноябрь айынын биринчи жумасында Азияга сапарга чыгат.
Ак үйдүн билдирүүсүндө, Трамптын 3-14-ноябрь күндөрүнүн аралыгында Япония, Түштүк Корея, Кытай, Вьетнам, Филиппиндер жана Гавайиге сапар жасай турганы билдирилди.
Президент Трамптын сапары убагында Түндүк Корея менен болуп жаткан маселени сүйлөшө турганы белгиленген билдирүүдө: «Президент, эл аралык коомчулукка Түндүк Кореяга карай кысымдын күчөтүлүүсү үчүн чакырык салат»,- деп айтылды.
Билдирүүдө Трамптын 3-ноябрда Гавайиге, 5-ноябрда болсо Японияга барып бул жерде Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ жана Түндүк Корея тарабынан жакындары качырылган үй-бүлөлөр менен жолугуша турганы маалымдалды.
Программага караганда Трамп Япониядан кийин Түштүк Кореяга барып президент Мун Чжэ Ин жана бул өлкөдө кызмат өтөгөн АКШ аскерлери менен кезигет.
Түштүк Кореядан кийин 8-ноябрда Кытайга барып президент Си Цзиньпин менен жолугуша турган Трамп, 10-ноябрда Вьетнамга, 12-ноябрда болсо Филиппиндерге барып президент Родриго Дютерте менен жолугушат.
Тектеш кабарлар
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.
АКШнын Аризона штатында ашыкча ысыктан 6 киши каза болду
Аризона штатынын борбору Фениксте 46 градуска жеткен ысыктан улам 6 киши каза болду.