Палестина макулдашуусу

Махмуд Аббас Палестина макулдашуусунун Израилдин басып алууну токтотушу жана Палестина мамлекетинин курулушу үчүн керектүү экендигин айтты.

827597
Палестина макулдашуусу

Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас Палестина макулдашуусунун Израилдин басып алууну токтотушу жана Палестина мамлекетинин курулушу үчүн керектүү экендигин айтты. Фатих борбордук комитетинин Рамаллах шаарында өткөн жыйынына жетекчилик кылган Махмуд Аббас Хамас жана Фетих макулдашуусуна кол коюу, Палестина калкынын бөлүнүүчүлүгүнүн акырына чыгышы тууралуу үмүтүнүн ишке ашысы жана ички фронттун күчтөндүрүлүшү үчүн улуттук бир мажбурдуулук экендигин баса белгиледи.

Аббас : «Макулдашуунун ишке ашышы Израилдин басып алуусунун аякташы жана 1967 -  жылдагы чек арада борбор шаары Чыгыш Иерусалим болгон көз карандысыз Палестина мамлекетинин курулушу үчүн керектүү»,- деди.

Жыйында макулдашуу өкмөтүнүн Газага жасаган сапары тууралуу маалыматтардын бөлүшүлгөндүгү жана Фетих менен Хамастын ортосунда борбор шаар Каирдеги жыйындардын каралып чыккандыгы билдирилди. Жыйында өзгөчө Египеттин палестиналык топордун ортосундагы бөлүнүүчүлүктү акырына чыгаруу үчүн  кылган аракети кубаттоого алынды.

 



Тектеш кабарлар