Пакистан-Түркия саламаттык сактоо жарманкеси

Пакистан Түркиянын тажрыйбаларынан пайдаланууда

816243
Пакистан-Түркия саламаттык сактоо жарманкеси

Пакистан-Түркия саламаттык сактоо жарманкеси Пакистандын Лахор шаарында ачылды.

Пакистан-Түркия саламаттык сактоо форуму менен Пенжаб өкмөтү биргелеше уюштурган жарманкенин ачылышын Пенжаб аймагынын премьер-министри Шахбаз Шариф ишке ашырды.

Аземге Түркиядан Адилеттик жана өнүгүү партиясынын Ван эл өкүлү Бурхан Каятүрк да катышты.

Ачылышта сөз сүйлөгөн премьер-министр Шариф, Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигине жарманкени уюштурууда көмөк көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди.

Шариф эки өлкөнүн ортосунда билим берүү жана энергетика сыяктуу берки тармактарда да кызматташуунун артканын баса белгиледи.

Түркия 39 компания менен өкүлдүк кылынган жарманкеге жалпы 70 компания катышууда.

Пакистан-Түркия жарманкеси 30-сентябрга чейин уланат.



Тектеш кабарлар