Түндүк Корея жаңы ядролук куралын сынайбы?

Түндүк Корея акыркы ядролук куралын 3-сентябрда сынаган.

807062
Түндүк Корея жаңы ядролук куралын сынайбы?

Түндүк Кореянын жаңы ядролук куралын сыноого камданып жатканы жөнүндө айтымдар бар.

Акыркы ядролук куралын 3-сентябрда сынаган жана андан кийин эл аралык коомчулук тарабынан катуу санкциялар менен жазаландырылган Түндүк Кореянын жаңы ядролук сыноого даярданганы алдыга коюлду.

АКШнын «Жонс Хопкинс» атындагы университетинен адистер, спутниктен тартылган фотосүрөттөргө таянып Пхеньяндын жаңы ядролук сыноого даярданганын айтып чыгышты.

«Телеграф» гезитинин берген маалыматына караганда адистер, сыноодон кийин 8-сентябрда тартылган фотосүрөттөрдүн негизинде 3-сентярдагы алтынчы сыноо өткөрүлгөн Punggye-ri атомдук сыноо аянтынын түштүгүндө (Түштүк каалгасы) казылган аба морунун жанында, казуучу шаймандарды жана оор жүк ташуучу унааларды белгиледи.

Адистер айрыкча «Батыш каалгасы» катары билинген башка бир жер астына кире бериш жеринде кошумча иштерди жүргүзгөнүн алдыга койду.



Тектеш кабарлар