Македонияда көз карандысыздык күнү

Македонияда 8 -  сентябрь көз карандысыздык күнү борбор шаар Скопияда аземдер менен майрамдалды.

803630
Македонияда көз карандысыздык күнү

Македонияда 8 -  сентябрь көз карандысыздык күнү борбор шаар Скопияда аземдер менен майрамдалды. Премьер  - министрлик имаратынын алдында «Эркин Македония, эркин жашап жатабыз» деген ураан менен өткөрүлгөн майрамга жогорку мартабалуу жетекчилер менен бирге жарандар катышты. Премьер  - министр Зоран Заев бул жердеги сөзүндө Македониянын демократиялык өлкө экендигин белгилеп, өлкөнүн демократиялык жактан өнүккөндүгүн жана европалык баалуулуктарга карата алдыга жылуунун болгондугун айтты.

Финансылык жактан ырааттуу, ишенимдүү жана бардык тармакта бир топ ийгиликке жетише турган  өлкөнүн курулушу үчүн элди жардам берүүгө чакырган Заев бири бирине болгон урмат – сый жана түшүнүшүүнүн алкагында жарандарды бирдикте кыймыл кылууга чакырды.

1991 -  жылы 8 -  сентябрда өткөрүлгөн референдумда Македония жарандарынын 95 пайызы «кабыл» добуш берип, референдумдун жыйынтыгында Македония мурунку Югославиядан бөлүнүп көз карандысыздыгын жарыялаган. Түркия Македониянын көз карандысыздыгын конституциядагы аты «Македония республикасы» деп тааныган биринчи өлкөлөрдүн арасында орун алды.

 

 



Тектеш кабарлар