Иранда жер титирөө

Ирандын Чыгыш Азербайжан аймагына караштуу Шеребиян районунун элетинде 4,9 баллдык жер титирөө болду.

797721
Иранда жер титирөө

Ирандын Чыгыш Азербайжан аймагына караштуу Шеребиян районунун элетинде 4,9 баллдык жер титирөө болду.

Тегеран университетинин геофизикалык институтунун сейсмология борборнунан берилген маалыматка караганда жергиликтүү убакыт боюнча саат 03:44тө болгон жер титирөө жердин 6 километр тереңдигинде болгон.

Иран расмий кабар агенттиги ИРНАга маалымат берген Чыгыш Азербайжан чукул абалдар башкармалыгынын директору Халил Саии кээ бир үйлөрдүн зыян тартуусуна жол ачкан жер титирөөдө эң аз 8 кишинин жаралангандыгын жарыялады.

Саии изилдөө жана чукул куткаруу топторунун аймакка жиберилгендигин белгиледи.



Тектеш кабарлар