Испанияда террордук кол салуу

Испаниянын Барселона шаарында бир микро  - автобустун калың элдин ичине кирүүсү менен 13 киши каза болуп 100 киши жараланды.

792278
Испанияда террордук кол салуу

 Испания полициясы Барселонада жасалган террордук кол салуунун негизги шектүүсү Муса Укабир экендигин билдирди. 18 жаштагы Муса Укабирдин  агасы Дрисс Укабир кол салуудан кийин камоого алынды.

Риполл акими Жорди Мунелл Каталония тв 3 каналына берген маалыматында Дрисс Укабирдин күбөлүгүнүн жоголгондугун билдирүү үчүн полиция борборуна бара жаткан кезде кармалгандыгын айтты.

28 жаштагы Марокко тектүү Укабир инисинин күбөлүгүн уурдап алгандыгын ойлогонун айтып, жоголгон күбөлүктүн окуя болгон жерден табылгандыгы билдирилди. Полиция Дрисс Укабир менен абдан окшош болгон Муса Укабирдин агасынын күбөлүгү менен микро- автобусту арендага алышы мүмкүн деген ойдо. Мусанын Барселонада, Дрисстин болсо Риполлдо жашагандыгы белгиленди.

Террор менен күрөшүү боюнча булактар кол салуунун 12 кишиден турган бир топтун кыймылы экендигин билдирди.

Испаниянын Барселона шаарында бир микро  - автобустун калың элдин ичине кирүүсү менен 14 киши каза болуп 100 киши жараланды.

Каталония автономиялуу аймагынын ички иштер министри Хоаким Фор жаралуулардан 15 кишинин абалынын оор экендигин белгилеп, каза болгондордун санынын артуусунан тынчсыздануулардын болуп жаткандыгын айткан.

Ошол эле учурда Каталан полициясы твиттер эсебинен берген маалыматта : «Риполлдо кол салуулар менен байланыштуу үчүнчү киши камоого алынды»,- деп жазды. Кадена Сер радиосу да полициянын бир унаа жана эки кишинин артынан түшкөндүгүн билдирди.

Каталан полиция шефи кечээ өткөргөн пресс – жыйынында кол салуу менен байланыштуу 2 шектүү кишинин Алканар жана Риполл шаарларында  камоого алынгандыгын жарыялаган.

Окуя болгон Ла Рамблас аттуу туристтик аймактагы поезд жана метро станциялары транспортко жабылды. Каталония автономиялуу аймагында 3 күндүк аза күтүү жарыяланды.

Премьер  - министр Мариано Ражой твиттер эсебинен берген маалыматында жетекчилер менен  байланыш ичинде экендигин, алдыңкылыктарды жаралууларга бөлүшкөндөрүн билдирди. Ражой террористтердин биримдик ичиндеги элди эч качан жок кыла албай тургандыгын айтып : «Испания каза болгондор менен үй  - бүлөлөрүнүн жанында»,- деди.

Террордук уюм ДЕАШ моюнга алган кол салуудан кийин  дүйнөдөн Испанияга көңүл айтуулар келип жатат.



Тектеш кабарлар