Йемендеги балдардын өлүмү

Балдардын каза болушунун 51 пайызынан Сауд Аравиянын жол башчылыгындагы коалиция күчтөрүнүн жооптуу.

792691
Йемендеги балдардын өлүмү

Йеменде болуп жаткан жарандык согушта өткөн жылы балдардын каза болушунун 51 пайызынан Сауд Аравиянын жол башчылыгындагы коалиция күчтөрүнүн жооптуу экендигин ортого салынды.

БУУнун «Балдар жана куралдуу кагылышуулар» аттуу долбоор отчетунда Сауд Аравиянын жол башчылыгындагы коалиция күчтөрүн 680ден ашуун баланын каза болушу жана жараланышына себеп болуу менен күнөөлөдү. Йеменде коалиция күчтөрү тарабынан жүргүзүлгөн аба операцияларында эң аз 349 баланын каза болгондугу, 333 баланын жаралангандыгы билдирилген отчетто ооруканаларга жана мектептерге карата кол салуулардын төрттөн үч бөлүгү жаңы коалиция күчтөрү тарабынан ишке ашырылгандыгы билдирилди. Долбоор отчеттун жарыялангандан мурда БУУнун башкы катчысы Антонио Гутеррес тарабынан бекитилиши күтүлүүдө.

БУУнун башкы катчысынын өкүлү Ферхан Хак  күнүмдүк басма сөз брифингинде долбоор отчеттун баш катчыга жеткендигин жана Гутеррестин долбоорду куралдуу кагылышууларда балдар тууралуу атайын өкүлү Виржиния Гамба менен карап чыгарын айтты.



Тектеш кабарлар