Путиндин Абхазияга сапары

Путиндин Абхазияга сапарын Украина менен Грузиянын президенттери айыпташты

786591
Путиндин Абхазияга сапары

Орусиянын президенти Владимир Путин, Грузиядан бир жактуу түрдө көз карандысыздыгын жарыялаган Абхазияга барды.

Путин сапары убагында журналисттерге берген маалыматында, Абхазия менен Орусиянын ортосунда өзгөчө байланыш бар экенин жактап, коопсуздук жана туризм сыяктуу тармактарда кызматташууну арттыра тургандарын айтты.

Путин Абхазияга аскердик колдоого даяр экендиктерин белгилеп, кепил болушун уланта тургандарын билдирди.

Путиндин Абхазияга сапары, АКШнын вице-президенти Майк Пенстин Грузиянын борбор шаары Тбилисиге сапарынан бир жума өткөндөн кийин ишке ашты.

Украинанын президенти Петр Порошенко менен Грузиянын президенти Гиоргий Маргвелашвили, Путиндин эл аралык коомчулук тааныбаган бир жактуу түрдө көз карандысыздыгын жарыялаган Абхазияга баруусун айыпташты.

Порошенко Маргвелашвили менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө, Грузияга тилектештик көрсөтө тургандарын белгиледи.

Порошенко Украинанын Грузиянын жеринин бүтүндүгүнө колдоо көрсөткөнүн жана колдоосун уланта турганын баса белгиледи.

Маргвелашвили болсо Грузиянын Украинанын колдоосун сезгенин айтып, ыраазычылык билдирди.

Абхазия менен Түштүк Осетия 2008-жылы Грузиядан бир жактуу түрдө көз карандысыздыгын жарыялашкан.

Тбилиси башкаруучулугунун аскер жөнөткөнүнө карабастан Орусия кол салып, Грузиянын армиясын бул аймактан чыгарган болчу.



Тектеш кабарлар