Германияда жамгыр катуу жаап жатат

Германияда эки күндөн бери жаап жаткан жамгыр күнүмдүк турмушка тескери таасирин тийгизүүдө.

778629
Германияда жамгыр катуу жаап жатат

Германияда эки күндөн бери жаап жаткан жамгыр күнүмдүк турмушка тескери таасирин тийгизүүдө.

Төмөнкү Саксония, Саксония Ангальт жана Тюринген аймактарында катуу жамгыр жаашы менен көчөлөрдү, поезд станцияларды, имараттарды суу басып, кээ бир аймактарда болсо дарыялар ташты.

Төмөнкү Саксония аймагына караштуу Горслар муниципалитетинин катчысы Майкл Вейрич шаарда апаат сигналдарынын берилгендигин жана апаатты текшерүү борборунун ишин баштагандыгын билдирди. Вейрич бардык топтордун иш милдетин аткарып жаткандыгын белгилеп : «Абал абдан олуттуу»,- деди.

Жамгыр катуу жааган аймактарда көп сандаган дарактын кулагандыгы жана суу баскынына карата чаралардын көрүлгөндүгү баса белгиленди. Германиянын чыгышында жамгыр жаашынын улантылышы күтүлүүдө.

 



Тектеш кабарлар