Мусулда жарандык жоготуулар
2014 - жылдын июнь айынан бери шаардын борборунда каза болгон жарандардын саны 7 миңден ашуун экендиги билдирилди.
Ирактагы Мусул облустук парламенттин төрагасы Бешар Кики ДЕАШ террордук уюмдун Мусулду колго алган 2014 - жылдын июнь айынан бери шаардын борборунда каза болгон жарандардын саны 7 миңден ашуун экендигин билдирди.
Кики : «ДЕАШ куралдуу күчтөрү Мусулду колго алгандан кийин эки жылда 2 миң кишини өлтүрдү. Аскердик операция учурунда болсо 2 миң жаран каза болду»,- деди.
Мусул облустук парламентинин төрагасы шаардын батыш жагында куткаруу операцияларынын улантылышы жана кээ бир сөөктөрдүн урандылардын астынан чыгарылышы менен бул сандын өсөөрү боюнча эскертти. Кики : «Мусул шаар борборунун эки жагында тең кулатуулар болууда. Шаарда базис, жол жана көпүрө деген нерсе калбады. Эки жакты бири бирине байланыштырган 5 көпүрө кыйраган. Тар көчөлөрү болгон Эски Мусул толугу менен чалдыбарга айланды»,- деди.
Тектеш кабарлар
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.