Бозгундардын абалы

Бозгундардын сапары уланып жатат

758723
Бозгундардын абалы

Эл аралык миграция уюму 2017-жылдын башынан бери Жер ортолук деңизден Европага 84 миң баш калкалоочунун жеткенин, 2 миң 108 баш калкалоочунун болсо сапар убагында каза тапканын билдирди.

Уюмдун катчысы Жоэл Милман БУУнун Женевадагы кеңсесиндеги билдирүүсүндө, кечээ Италия жээктеринде коркунучка дуушар болгон 180 баш калкалоочунун куткарылып итальян жерлерине алып келингенин айтты.

Өткөн жуманын аягынан бери Жер ортолук деңизде орто эсеп менен 2 миң 500 баш калкалоочунун куткарылганын билдирген Милман, бул кишилердин Италиядагы ар башка аймактарга алып барылгандыгын белгиледи.

Быйыл Европага жеткен баш калкалоочулардын 72 миңинин Италия жээктерине жеткенин сөз кылган Милман, өткөн жылдын тийиштүү мезгилинде 216 миң баш калкалоочунун Европага барганын жана 2 миң 911 баш калкалоочунун да каза тапканын эске салды.



Тектеш кабарлар