Орусия Багдадини өлтүргөн болушу мүмкүн
28 – майда Ракка операциясында 30 киши аянттагы командирлер болуу менен 330га жакын террорист өлтүрүлгөн.
Орусиянын коргоо министрлигинен берилген маалыматта ДЕАШ терордук уюмунун лидери Эбубекир Багдадини 28 -майда Раккага жасалган абадан кол салууда өлтүргөн болушу керектигин билдирди.
Орусиянын коргоо министрлигинен берилген маалыматта орус учактарынын 28 – майда Ракка жакындарында ДЕАШтын жогорку мартабалуу ысымдары жыйын өткөргөн бир маратты атып жана 30 киши аянттагы командирлер болуу менен 330га жакын террористти өлтүргөндүгү белгиленди. Маалыматта Эбубекир Багдадинин атылган имартта болгондугу жана өлгөндүгү тууралуу маалыматын башка булактардан да тастыктоого аракет кылынгандыгы билдирилди. Өлтүрүлгөн ДЕАШ террористтеринин арасында Ракка эмири Эбу ел Хажы ел Мысри, коопсуздук сервисинен жооптуу Сүлейман ел Шаввах жана Ракка менен Сухненин ортосунда калган аймакты текшерген Ибрахим ен Нейеф ел Хаждын да бар экендиги тууралуу маалымат бөлүшүлдү.
Тектеш кабарлар
3 өлкө Израилге каттамдарын токтотту
Италия, Франция жана Грецияга таандык аба жолдору коопсуздук үчүн Израилге каттамдарын токтотту.