Израиль бошотулган 3 туткунду ок атып өлтүрдү
Бул тууралуу көргөн күбөлөр маалымат беришти.
Израиль 2023-жылдын 7-октябрынан бери жүргүзгөн геноцид операцияларында Газа тилкесинде кармалган 20 палестиналыкты бошотту.
Эркиндикке чыккан палестиналыктар Эл аралык Кызыл Чырым уюмуна таандык автобус менен Газа тилкесине жеткирилди.
Кийин Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан Юнус шаарындагы Газа Европа ооруканасына жеткирилген жана чарчоо белгилери байкалган палестиналыктар ооруканада текшерилди.
Израиль армиясы Газа тилкесинин түндүгүндө бошотулган 20 палестиналыктан тышкары 3 туткунду атып өлтүрдү.
Израиль армиясы Газа тилкесинин түндүгүндө бошоткон 3 туткун менен бир палестиналыкты атып өлтүрдү.
Күбөлөрдөн алынган маалыматка караганда, Газа шаарынын түндүк батышындагы Эс-Судания аймагында израилдик аскерлер бошотушкан 3 туткунду кыска убакыттан кийин ок чыгарып өлтүрүштү.
Палестинанын жергиликтүү маалымат каражаттары түндүктөгү Абу Шарх түйүнүнүн жанында израилдик аскерлердин ок атуусунан бир палестиналыктын каза болгонун кабарлады.
Израилдин 7-октябрдан бери Газа тилкесине кол салууларынан 43 миң 600дөн ашуун палестиналык каза болуп, жаракат алгандардын саны 102 миң 900дөн ашты.