Путин Орусия менен Түндүк Кореянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк келишимин жактырды

Бекитилген макулдашуу өлкөнүн Укуктук маалымат системасында жарыяланды.

2208541
Путин Орусия менен Түндүк Кореянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк келишимин жактырды

Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөсү менен Түндүк Кореянын ортосундагы өз ара коргонуу беренесин камтыган стратегиялык өнөктөштүк келишимин жактырды.

Бекитилген макулдашуу өлкөнүн Укуктук маалымат системасында жарыяланды.

Эки өлкөнүн ортосунда коргонуу, айыл чарба, саламаттыкты сактоо, билим берүү сыяктуу бир топ тармакта карым-катнаштардын өнүктүрүлүшүн караган келишимде тараптардын бирине кол салуу болгон учурда экинчи тараптын аскердик жардам көрсөтө турганы жазылган берене да бар. 

Келишимге ылайык, эки өлкө “согуштун алдын алуу жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо” максатында биргелешкен аскердик машыгууларды да уюштура алат.

Сөз болуп жаткан келишимге Путиндин июнь айында Түндүк Кореяга жасаган сапары маалында кол коюлуп, андан кийин Орусия парламентинин төмөнкү палатасы Дума жана парламенттин жогорку палатасы Федерация Кеңеши тарабынан жактырылган.



Тектеш кабарлар