Германия Шенген визасын токтотобу?

Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдөн автожолу жана темир жолу менен келе турган ар ким паспорт текшерүүсүнөн өтөт.

751044
Германия Шенген визасын токтотобу?

Германия июль айында Гамбургда боло турган Чоң жыйырмалык самитинин коопсуздугу үчүн Шенген визасы ишке ашыруусун токтотту.

Ички иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында чек ара текшерүүлөрүнүн бүгүн ишке ашырыла турганы жана 11-июлга дейре улана турганы айтылды.

Чыгарылган чечимдер менен Германияда Шенген визасы менен аэропорттон кирүүлөрдө өзгөрүү болбойт. Ал эми башка Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдөн автожолу жана темир жолу менен келе турган ар ким паспорт текшерүүсүнөн өтөт.

Ички иштер министри Томас де Майзийер 7-8-июль күндөрүндө Гамбургда өтө турган Чоң жыйырмалыктын коопсуздугунун бардыгынан мурда турганын эске салып бул үчүн Европа комиссиясынын бекитүүсүнөн өткөнүн белгиледи.

ЕБнин эрежелери кризистик абалдара же маанилүү коопсуздук чараларын көрүүнү талап кылган окуяларда паспорт же документ текшерүүсүнөн өтпөстөн саякат кылууга мүмкүнчүлүк берген системанын өзгөчөлөнгөн түрдө токтотулушуна мүмкүнчүлүк берет.  



Тектеш кабарлар