Мьянмада дайынсыз жоголгон учактын кыйрандысы табылды
Учакта 116 киши болгон
747900
Мьянмада 116 кишини ташыган аскердик учак деңизге кулап түштү, кырсыктан аман калгандардын жок экени айтылууда.
Мьянманын Штаб башчылыгынын билдирүүсүндө, 116 кишини ташыган аскердик учактын Түркия убактысы боюнча саат 10.05те Муеик менен борбор шаар Янгондун ортосундагы аймакта дайынсыз жоголгону маалымдалган болчу.
Ички каттамды жүргүзгөн учак дайынсыз жоголгондо Андаман деңизинин үстүндө болчу.
Айматагы издөөлөрдө учактын кыйрандысы табылды.
Учактагы адамдардын көпчүлүгүнүн аскердик базада кызмат өтөгөн аскерлердин үй-бүлөлөрү экени белгиленүүдө.
Кырсыктын себеби иликтенип жатат.
Тектеш кабарлар
ПКК/ЙПГ балдарды кыгылышууларга түртүүдө
Жаңжал болгон аймактарга жөнөтүлгөн балдардын жаш курагы 9дан 17ге чейин.