Путин тынчтык шарттарын жарыялады

Владимир Путин Орусиянын борбор шаары Москвада Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин жогорку даражалуу жетекчилеринин катышуусунда жыйын өткөрдү.

2153106
Путин тынчтык шарттарын жарыялады

Орусиянын президенти Владимир Путин Украина менен тынчтык сүйлөшүүлөрү үчүн өлкөсүнүн шарттарын жарыялады.

Владимир Путин борбор шаар Москвада Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин жогорку даражалуу жетекчилеринин катышуусунда жыйын өткөрдү.

Швейцарияда 15-16-июнда боло турган Украина тынчтык саммитине байланыштуу Путин: «Швейцариядагы конференцияга бизди чакырышкан жок. Орусиясыз, биз менен ачык жана жоопкерчиликтүү диалог түзмөйүн Украина жана Европа коопсуздугу үчүн чечим табуу мүмкүн эмес»,- деди.

Путин эгер Украина Донецк, Луганск, Херсон жана Запорожьедеги аскерлерин чыгарып НАТОго кирүү каалоосунан баш тартса, сүйлөшүүлөрдү баштай аларын айтты.

Путин: «Украинага бүгүн кайрадан чыныгы тынчтык сунушун берип жатабыз. Убактылуу ок атышпоону камсыздоону жана маселени тоңдурууну эмес, кагылышууларды токтотууну сунуштайбыз»,-деди.

2022-жылдын 24-февралында орус лидери Украинага басып кирүүгө буйрук бергендиктен Орусия-Украина согушу башталган.

Путин Киевди НАТОго кирүүсүнө жол бербөө жана аны Орусиянын таасир чөйрөсүндө калтыруу үчүн өлкөнү демилитаризациялоону жана нацизмди жоюуну максат кылганын билдирген.



Тектеш кабарлар