Газада каза болгондордун саны

Израилдин Газада акыркы 24 саатта кылган 4 кол салуусунда 34 кишинин каза болгону, 71 кишинин жараланганы кабарланды.

2153177
Газада каза болгондордун саны

Израилдин 7-октябрдан бери Газа тилкесине кол салууларында каза болгондордун саны 37 миң 266га жетти. Израиль армиясы 252 күндөн бери Газа тилкесиндеги кыргындарын улантууда.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Газадагы билдирүүсүндө, Израилдин Газада акыркы 24 саатта жасаган 4 кол салуусунда 34 кишинин каза болгону, 71 кишинин жараланганы кабарланды. 

Билдирүүдө 7-октябрдан берки кол салууларда каза болгондордун саны 37 миң 266га, жаралуулардын санынын да 85 миң 102ге жеткени белгиленди.

Бириккен Улуттар Уюмунун Палестиналык качкындарга жардам жана коомдук иштер агенттигинин (UNRWA) Укуктук иштер боюнча башчысы Филипп Гриер социалдык медиа баракчасынан Газадагы кыйроолордун видеосун бөлүштү. Гриер: "Бул адамдардын үйлөрү, алардын сүйүктүү кафелери, парктары, мектептери. Баары жок болду"-деди.



Тектеш кабарлар