АКШнын Ереван элчилиги митингчилерди жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырды

Элчилик өзгөчө  укук коргоо органдарына  "жарандардын сөз эркиндигине жана чогулууларына болгон укуктарын кепилдегендей коомдук тартипти коргоого" жана журналисттерге байланыштуу бардык окуяларды иликтөөгө чакырды.

2153047
АКШнын Ереван элчилиги митингчилерди жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырды

Армениядагы АКШнын элчилиги Еревандагы митингчилерди зомбулуктан алыс болууга жана чогулуу эркиндиги укуктарын "жоопкерчиликтүү пайдаланууга" чакырды. 

Элчилик : "АКШнын элчилиги Ереванда болгон митингдерге көз салууда. Митингчилерди зордук - зомбулукка жол бербөө менен чогулуу эркиндигин жоопкерчиликтүү пайдаланууга чакырабыз. Саясий талаш-тартыштар демократиялык процесстер аркылуу чечилиши керек",- деп айтылды.

Элчилик өзгөчө  укук коргоо органдарына  "жарандардын сөз эркиндигине жана чогулууларына болгон укуктарын кепилдегендей коомдук тартипти коргоого" жана журналисттерге байланыштуу бардык окуяларды иликтөөгө чакырды.

Армениянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 12-июнда Баграмян көчөсүндө болгон нааразычылык акциясынын натыйжасында 101 адам, анын ичинде полиция кызматкерлери жана журналисттер медициналык жардам сурап кайрылган. Булардын 66сы ооруканадан чыгарылып,  32 адам дарыланууну уланууда.

12-июнда Армениянын премьер-министри Никол Пашинян парламенттин алдындагы аянтта сөз сүйлөп жаткан учурда митингчилер  анын кызматтан кетишин талап кылышты. Армениянын Ички иштер министрлиги митингдин катышуучулары менен полициянын ортосунда чыккан кагылышууда  42 митингчининт кармалганын билдирди. Кийинчерээк Армения полициясы парламенттин жакынындагы акцияга  катышкан 98 кишинин камакка алынгандыгын маалымдады. 

 



Тектеш кабарлар