АКШнын Иран санкциясы

Рекс Тиллерсон Иранга карата санкциялардын  террордук кыймылдарга колдоо жана баллистикалык ракета программасын өнүктүрүү иштеринен улам улантыларын билдирди.

736701
АКШнын Иран санкциясы

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Иранга карата санкциялардын  террордук кыймылдарга колдоо жана баллистикалык ракета программасын өнүктүрүү иштеринен улам улантыларын билдирди.

Тиллерсон Сауд Аравиянын борбор шаары Риядда өткөрүлгөн АКШ -  Араб жана ислам өлкөлөрү саммитинин негизинде Сауд кесиптеши Адил  ел -  Жүбейр менен биргелешкен пресс – жыйын өткөрдү.

Тиллерсон Ирандын саммитке катышпашынын себебине жооп берип жатып, Тегеран башкаруусунун Йемен, Ирак жана Сирия сыяктуу өлкөлөр менен Ливанда Хизбуллахка берген колдоосун улантып жаткандыгын белгиледи.

Мамлекеттик катчы Тиллерсон Ирандын жакшы коңшу болууга жана чет элдик согушчандар менен куралдуу күчтөрдү башка өлкөлөргө барып ал аймактардын ырааттуулугун бузуу үчүн акы төлөө ишин токтотуу ниетин көрсөткөнгө чейин курулган бул столдон орун албай тургандыгын, санкциялар менен Иранга каршы чара көрүүнү улантышарын жана глобалдык коомду да аракетке өтүүсү үчүн күч берүүнү улантышарын баса белгиледи.

Иранда жума күнү болгон президенттик шайлоого да токтолгон Теллерсон бул өлкөдө жаңы бир мезгилдин башталгандыгын белгиледи.



Тектеш кабарлар