АКШнын коргоо министри Жим Маттис Йеменде согушту токтотуунун шарт экендигин айтты

Маттис Сауд Аравиядан кийин Египет, Израиль, Катар жана Жибутиге да барат.

716180
АКШнын коргоо министри Жим Маттис Йеменде согушту токтотуунун шарт экендигин айтты

 

Жакынкы Чыгыш жана Африканы камтыган саякатын баштаган  АКШнын коргоо министри Жим Маттистин биринчи аялдамасы Сауд Аравия болду. Борбор шаар Риядда пресс – жыйын өткөргөн Маттис Сауд Аравиянын аймак жана АКШнын пайдасы үчүн коопсуздук ишениминин бир бөлүгү болууну улантарын айтты. Маттис эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык карым – катнаштардын тереңдетилиши жана кеңейтилишинин негизинде сауд аравиялык жетекчилер менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүшөрүн белгиледи.

Йеменде болгон окуяларга токтолгон Маттис Ирандан алынган өнүктүрүлгөн ракеталардын Сауд Аравияга атылгандыгын жана мунун маанилүү бир маселе экендигине көңүлдөрдү бурду жана : «Йеменде каза болгон күнөөсүз кишилердин санына карай турсак болсок, согушту токтотуу керектигине оңойчулук менен жыйынтык чыгара алабыз»,- деди.

Жим Маттис Йеменде болуп жаткан согуштун акырына чыгышы, БУУга караштуу бир сүйлөшүү группасынын бул маселени карап чыгышы жана саясий жол менен кризистин чечилиши тууралуу АКШ башкаруусунун стратегиясынын бар экендигин да жактады.

АКШнын Йемендеги операциялары болсо жарандык жоготуулардын айынан узун убакыттан бери талаш – тартыш темасы болуп келген.

Сауд Аравиянын Йеменге кийлигишүүсүнө берилген колдоо да АКШнын аймактагы саясаттарынын талкуулануусуна жол ачууда. Маттис Сауд Аравиядан кийин Египет, Израиль, Катар жана Жибутиге да барат.



Тектеш кабарлар