Трамп аскердик күчтөрүнүн Сомалиге абадан операция жүргүзүүсүнө уруксат берди
Дональд Трамп, Коргоо Министрлигинин (Пентагон) Африка Биримдигинин Сомали миссиясы (AMISOM) алкагында Эл Шебаб уюмуна каршы абадан чабуул коюшуна уруксат берди.
Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп, Коргоо Министрлигинин (Пентагон) Африка Биримдигинин Сомали миссиясы (AMISOM) алкагында Эл Шабаб уюмуна каршы абадан чабуул коюшуна уруксат берди.
Пентагондун катчысы полковник Жефф Дэвис, жазуу түрүндөгү жарыясында бул ыйгарым укуктун АКШнын аймактык өнөктөштөрүнө колдоо көрсөтүү стратегиясынын алкагында Сомалинин коопсуздук күчтөрүнө Эл Шабабга каршы колдоо көрсөтүү мамилеси менен шайкеш келгенин айтты.
Девис: «Сомали жана AMISOM күчтөрү Эл Шабабтан жерлерди тазалап маанилүү ийгиликтерге жетишүүдө жана АКШнын кошумча жардамы менен Эл Шабабга кысым көрсөтүү жагынан бирге операция кылып шериктештерибиздин коопсуздугун да кепилдикке алган болот»,-деп айтты.
Девис ошондой эле Сомали өкмөтүн колдогон АКШнын кошумча колдоосунун, Шабабдын коопсуз аймактарды түзүүсүнө бөгөт боло турганын белгилеп кетти.
Өткөн аптада Пентагондо журналисттерге маалымат берген АКШнын Африка күчтөрү (AFRICOM) командири, армия генералы Томас Уолдейозер, Эл Шабаб менен күрөшүү жана Сомалиде жокчулук сыяктуу адамзат кризистери болуп жаткан аймактарга жетүүнү камсыздоо үчүн Ак үйдөн Сомалидеги аскердик күч колдонуу эрежелерин жумшартууну талап кылгандарын маалымдаган.
Тектеш кабарлар
3 өлкө Израилге каттамдарын токтотту
Италия, Франция жана Грецияга таандык аба жолдору коопсуздук үчүн Израилге каттамдарын токтотту.