Орусия кургактыктагы акыркы чоң нефть аянтын да сатууда
Орусиянын калган нефть булактарына байланыштуу талаш - тартыштар кайрадан күн тартибине келди
Орусия кургактыктагы акыркы чоң нефть аянты Ергинкскоени сатуу үчүн тендерге чыгарды. Орусиянын жер астындагы булактарын колдонуу мекемеси Роснедра тарабынан берилген маалыматта өлкөнүн кургактыктагы акыркы чоң нефть аянты катары билинген Батыш Сибирдеги Ергинское нефть аянты үчүн тендер процессинин баштатылгандыгы белгиленди. Башталыштагы төлөм наркынын 5,3 миллиард рублдан 7 миллиард рублга чыгарылган тендердин акыркы кайрылуу күнү 12 - май деп белгиленди.
Маалыматта Ергинкское нефть аянтында C1 категориясында 64 миллион тонна далилденген нефть запасынын бар экендиги белгиленип, аймакта C2 категориясынан 304 миллион тоннага жакын нефть запас потенциалынын бар экендиги билдирилди.
Орусиянын эң чоң энергетика фирмаларынан Роснефт, Газпром, Газпром Нефть, Лукойл, Новатек жана Сургутнефтегаздын тендерге кызыгуу көрсөтүүсүнүн күтүлгөндүгү жана тендерден жеңиш менен чыккан фирманын 7 - июнда билдирилери белгиленди.
Бир тараптан өлкөнүн кургактыктагы акыркы нефть аянтынын да тендерге чыгарылышы менен Орусиянын калган нефть булактарына байланыштуу талаш - тартыштар кайрадан күн тартибине келди.
Тектеш кабарлар
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.
АКШнын Аризона штатында ашыкча ысыктан 6 киши каза болду
Аризона штатынын борбору Фениксте 46 градуска жеткен ысыктан улам 6 киши каза болду.