Сауд Арабияга баллистикалык ракета атылды

Йеменден Сауд Арабиянын территориясына баллистикалык ракеталар атылды.

701093
Сауд Арабияга баллистикалык ракета атылды

Йемендин Сауд Арабиянын территориясына учурган 4 баллистикалык ракетасынын абадан коргонуу системасы тарабынан жок кылынганы жарыяланды.

Сауд Арабия башкарган коалициялык күчтөрдүн жарыясына караганда Хусилердин эртең менен Сауд Арабиянын Эбха жана Хамис Мушит шаарларына 4 баллистикалык ракета аткандары айтылды.

Баллистикалык ракеталардын кандайдыр бир зыянга учуратпастан абадан коргонуу системасы тарабынан абада жок кылынганы белгиленген жарыяда, ракеталар атылган рампалардын да бутага алынганы белгиленди.

Анда айрыкча Хусилердин мыйзамсыз жолдор менен Йеменге курал алып келгендери белгиленип, куралды уурдап киргизиш үчүн Худейде портунун активдүү түрдө колдонулганы маалымдалды.



Тектеш кабарлар