Палестиналыкка 396 жыл абак жазасы

Батыш Шериадагы эки еврей отурукташуучу жана америкалык бир туристти өлтүрүү менен күнөөлөнгөн бир палестиналыкты 396 жыл абак жазасына тартты

694987
Палестиналыкка 396 жыл абак жазасы

Израиль 2015 -  жылы басып алган Батыш Шериадагы эки еврей отурукташуучу жана америкалык бир туристти өлтүрүү менен күнөөлөнгөн бир палестиналыкты 396 жыл абак жазасына тартты.

Израилдин «Едиот Ахронот» гезитинин маалыматына караганда Батыш Шериадагы Офра аскердик соту Иерусалимдин түштүгүндөгү Алон Швут отурукташуу жерине жакын жерде эки еврей отурукташуучу менен америкалык бир туристти өлтүрүү менен күнөөлөнгөн Мухаммед Ел – Хурубга төрт жолу түбөлүк абак жазасын берди.

Аскердик сот Ел – Хурубдун айрыкча каза болгондордун үй – бүлөлөрүнө  750 миң Израиль шекели тактап айтканда 200 миң доллар компенсация төлөшүнө токтом чыгарды. Израиль армиясы январь айында жарыялаган отчетто еврей отурукташуучулардан барган кол салуу арыздануулары боюнча 2015 -  жылдын октябрь айынан өткөн жылдын акырына чейин 3 миң 369 палестиналыктын байкоого алынгандыгын билдирген болчу.



Тектеш кабарлар