Аялдардын Эл аралык күнүндө аялдар камакка алынды

Нью-Йоркто аялдар президент Дональд Трамка каршы митинг өткөрүштү

687888
Аялдардын Эл аралык күнүндө аялдар камакка алынды

АКШнын Нью-Йорк шаарында Аялдардын Эл аралык күнүнөн улам уюштурулган президент Дональд Трампка каршы «Аялсыз бир күн» темалуу нааразылык акциясында аялдар камакка алынды.

8-Март Аялдардын Эл аралык күнү дүйнө жүзүндө шаңдуу майрамдалса, АКШнын көптөгөн шаарында Трампка каршы митингдер жана бойкоттор менен өттү.

Нью-Йоркто көпчүлүгү кызыл кийинген миңдеген аял жумушка барбай «Аялсыз бир күн» урааны менен Дональд Трамка каршы митинг өткөрүштү.

Central Parkтын түштүк-чыгышында Trump International Plazaга жакын жердеги Колумбус-Серклга чогулган митингчилердин бир бөлүгү аянтта жолду тосушту.

Полиция бул кымылдан кийин Нью-Йорктогу Араб-Америка коомунун мусулман активисти Сарсон Линда да арасында болгон 10 чакты аялды камакка алды.



Тектеш кабарлар