Дүйнөдөгү бала аскерлердин 40 пайызы Африкада

Дүйнөдө балдарды колдонгон 57 куралдуу группанын 29зу Африкадагы 7 өлкөдө

678860
Дүйнөдөгү бала аскерлердин 40 пайызы Африкада

Руанда тышкы иштер министри Луис Мушикивадо жалпы дүйнөдө куралдуу уюмдар тарабынан колдонулган бала аскерлердин 40 пайызынын Африкада экендигин айтты.

Африка Биримдиги тынчтык жана коопсуздук кеңешинин министрлер комитети Эфиопиянын борбор шаары Аддис Абабадагы Африка Биримдигинин борборунда «Балдарды согуштан коргоо менен континентте продукциялар менен кишилердин эркин кыдырышы» деген темадагы күн тартип  менен чогулду.

Басма сөзгө жабык өткөн жыйындан мурда Руанданын тышкы иштер министри Луис Мушикивадо кеңештин күн тартип беренесине байланыштуу журналисттердин суроолоруна жооп берди.

«Дүйнөдөгү бала аскерлердин 40 пайызы Африка континентинде»,- деген Луис Мушикивадо бул маселенин чечилиши үчүн чукул түрдө кадам ташталышы керектигин айтты.

Африка Биримдигинин 18 жаштан кичүүлөрдү «бала» деп аныктаган жазуусунда  континенттеги балдардын аскерлик менен бирге согуштарда чалгынчылык жана сексуладык зомбулукта колдонулгандыгы билдирилди. Жазууда БУУнун 2015 -  жылы жарыялаган бала аскерлер тууралуу отчетко токтолуп, дүйнөдө балдарды колдонгон 57 куралдуу группанын 29зунун Африкадагы 7 өлкөдө экендиги белгиленди.

Булардын арасында Борбордук Африка Республикасы, Түштүк Судан менен Конго Демократиялык Республикасында иш алып барган Теңирдин каршы чыгуучу армиясы, Нигериядагы Боко Харам, Сомалидеги Еш – Шебаб, Борбордук Африка Республикасындагы Анти  - Балака менен Мали жана Судан сыяктуу өлкөлөрдөгү кээ бир террордук уюмдар орун алууда.



Тектеш кабарлар