Пакистан афган качкындарга жылдын акырына чейин убакыт берди

Пакистандын информация министри Мерйем Аурангзеб афган качкындар үчүн берилген убакыттын декабрь айынын акырына чейин узартылгандыгына чечим чыгарылгандыгын белгиледи

667828
Пакистан афган качкындарга жылдын акырына чейин убакыт берди

Пакистан катталган 1 жарым миллион афган качкындын өлкөдөн чыгып кетиши үчүн берилген убакытты жылдын акырына чейин узартты.

Пакистандын информация министри Мерйем Аурангзеб берген маалыматында афган качкындар үчүн берилген убакыттын декабрь айынын акырына чейин узартылгандыгына чечим чыгарылгандыгын белгиледи.

Аурангзеб чек ара аймагында Афганстандан Пакистанга өтүүлөрдү текшерүү максатында жаңы бир виза режиминин да ишке киргизилерин баса белгиледи.

Афганстандан Пакистанга качкындар агымы советтер союзунун басып алышынан кийин башталган. 1980 -  жылдардын башында өлкөлөрүнөн качкан миллиондогон афган Пакистанга баш калкалаган. 1990 -  жылдардагы жарандык согуш учурунда да афгандар масса түрүндө Пакистанга качышкан.



Тектеш кабарлар