Греция козголоңчулар тууралуу чечимин чыгарды
Соттун чечимин 23 - январда билдириши күтүлүүдө
650077
Грецияда козголоңчу аскерлер тууралуу сот процессинде акыркы бурулуш жерине келинди. Фетуллахчы террордук уюмдун 15 - июлдагы козголоң кыймылына катышкандан кийин Грецияга качкан 8 козголоңчу аскерден ушул кезге чейин төртөөсү Жогорку Соттун алдына чыкты. Калган төртөөсүнүн соту болсо жума күнү болот.
Соттун чечимин 23 - январда билдириши күтүлүүдө. Жогорку Сот чечим чыгарса да акыркы чечимди Грециянын юстиция министри чыгарат. Афина соту андан мурда козголоңчулардан үчөөсүнүн тапшырылышын кабыл алып, беш кишинин тапшырылышын четке каккан болчу.