Пентагондун басма сөз катчысы журналисттердин суроолоруна жооп берди

Түркиянын ДЕАШка каршы Сириянын Эл Баб шаарында жүргүзүп жаткан операциялары жөнүндөгү суроолор суралды

643835
Пентагондун басма сөз катчысы журналисттердин суроолоруна жооп берди

АКШнын Коргоо министрлигинин (Пентагон) басма сөз катчысы Питер Кук Түркиянын Сириядагы аскердик аракеттерин жана түрк күчтөрүнүн Эл Бабдагы жан аябастыгын көргөндөрүн белгилеп: «ДЕАШка кысым көрсөтүү үчүн ал жердеги бардык нерсеге колдоо көрсөтөбүз»,-деди.

Питер Кук күнүмдүк маалымат жыйынында журналисттердин Түркиянын ДЕАШка каршы Сириянын Эл Баб шаарында жүргүзүп жаткан операциялары жөнүндөгү суроолоруна жооп берди.

Түркиянын Сирияда ДЕАШка каршы күрөшүп жатканда көрсөткөн жан аябастыгын мактаган Питер Кук, өткөн жумада коалиция учактарынын Түркиянын талабы боюнча Эл Баб аймагында уюмдун ок атууларына дуушар болгон түрк коопсуздук күчтөрүнө колдоо көрсөтүү максатында учкандарын айтты.

Учактардын ок дары таштабагандарын жана мунун себеби колдорунда операция туурасында кеңири маалымат болбогонун сөз кылган Питер Кук, Эл Баб операциясына колдоо көрсөтүү темасынын Түрк-Америка жооптуу кызматкерлери тарабынан сүйлөшүлүп жатканын айтты.

Катчы түрк өкмөтү менен аянттагы аскердик байланыш менен катар жогорку деңгээлдеги координацияны уланта тургандарын билдирди.

Ошондой эле Түркиянын ДЕАШка каршы Эл Баб аймагында Орусия менен кызматташканынан кабары жок экенин жактаган Питер Кук, бул теманын түрк жана орус жооптуу кызматкерлеринен суралышын өтүндү.

Пентагондун басма сөз катчысы айрыкча жаңы жыл түнү 39 адамдын көз жумушуна себепчи болгон Стамбулдагы террордук кол салууну айыктады жана көңүл айтты.



Тектеш кабарлар