Кытайдын космостук капсуласындагы сыноо аяктады

Капсулада 25 башка өсүмдүк өстүрүлдү

631183
Кытайдын космостук капсуласындагы сыноо аяктады

Кытайдын космостук капсуласындагы сыноо аяктады.

Өлкөнүн түштүгүндөгү Гуандун аймагында, 4 киши орун алган капсулада 25 башка өсүмдүк өстүрүлүп 635 технологиялык шайман сыналды.

Сыноолордо космостук капсулада жашаган 4 киши үчүн бардык суу жана кычкылтек муктаждыктары менен катар тамак-аштын да камсыздалышында кайра иштетүү аракеттери жасалды.

Айрыкча тазалык, уйку, тамактануу жана капсуланын ичиндеги иштер боюнча да ийгиликтүү сыноо өткөрүлдү.

Адистер сыноолордун алкагында толугу менен жабык чөйрөнүн адамдардагы психологиялык таасирлерине жана физикалык биологиялык ритм өзгөрүүлөрүнө байкоо салышты.

Капсулада өстүрүлгөн 25 башка өсүмдүк болсо эң кызыгуу жараткан иликтөө болду.

Кытайдын астронавт борбору, өткөн жылдын май айында аты аталган космостук капсуладагы сыноо үчүн ыктыярдууларды издеп жатканын жарыялаган жана ага кайрылган 2 миң 110 адамдын арасынан бири аял 4 киши тандалган болчу.

Космостук станция долбоорунун алкагында биринчи станциясы Тяньгун-1ди 2011-жылы космоско учурган Кытай, Тяньгун-2ни болсо өткөн жылы сентябрда учурган болчу.

Иш-чараларын ылдамдаткан Пекин башкаруучулугу, 2020-жылга чейин үч капсуладан турган космостук станция курууну пландап жатат.

 



Тектеш кабарлар