Москванын Сирия тууралуу ачыктоосуна АКШ каршы чыкты

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Жон Кирби, күнүмдүк маалымат жыйынында буларга токтолду.

601965
Москванын Сирия тууралуу ачыктоосуна АКШ каршы чыкты

АКШ, Москва бийлигинин Сирияда саясий процесстин башталуу үмүтүнүн тынч түрдө кечеңдетиле турганы жөнүндөгү ачыктоолоруна каршылык көрсөттү.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Жон Кирби, күнүмдүк маалымат жыйынында Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгунун , «Сирияда саясий процесстин башталуу үмүтү жана Сирия калкынын тынчтык чөйрөсүнө кайтышынын мөөнөтсүз кечеңдетилгени» түрүндөгү жарыясына сереп салды.

Орус министрдин ачыктоолору толук түрдө эмнелерди бергенин билбегенин белгилеген Кирби, «Биз жолугушуулардын Орусия белгилегени сыяктуу мөөнөтсүз түрдө кечеңдетилгенин ойлогон жокпуз жана Башар Асаддын узун мөөнөттө Сириянын бир бөлүгү болушун каалабайбыз»,-деди.

Кирби Асаддын Сирияда 2021-жылга дейре бийликте калууну каалаганы жөнүндөгү сөздөрү эскертилгени боюнча Асаддын сереп салууларын окуганын, бирок режим жана оппозициянын ортосундагы жолугушуулардын кайрадан өткөрүлүшү үчүн иштерин уланткандарын айтты.

Буга кошумча Американын «Нью-Йорк Таймс» гезитинде орун алган кабарга караганда Асад, Дамаскта батыштык журналисттер менен жолугушуп Сириядагы акыркы абалды талкуулады.

Мурдагысына караганда өлкөдөгү абалдын дагы жакшы болгонун жактаган Асад, өлкөсүндөгү согуштун биринчи жооптуулары катары Вашингтон жана радикал исламчы катмарларды көрсөттү.

Болуп жаткандарга өкүнбөгөндүгүн айткан Асад, өлкөдө көзөмөлдү толугу менен камсыздай тургандарына да ишенгенин айтты.

Мамлекеттик башкарууда кандайдыр бир өзгөрүүнүн болушуна уруксат бербей тургандарын белгилеген Асад, эң аз 2021-жылга чейин кызматын улантууну каалаганын жарыялады.



Тектеш кабарлар