Мосул операциясы 7-күнүндө...

Пешмергенин кыска убактын ичинде Башика районун ала турганы божомолдонууда.

595416
Мосул операциясы 7-күнүндө...

Иракта Мосулду террор уюму ДЕАШтан тазалоо үчүн башталган операциянын  7-күнүндө Пешмерге күчтөрү Наверан жана Башика райондорун көздөй илгерилеп, Фазиле, Тырбизе, Өмер Камчы айылдарынан баштап 41 отурукташкан жерлерди каратып алды.

Рейтерстин кабарына караганда Пешмерге күчтөрү Башикада көзөмөлдү камсыздады. Аймактын маалымат булактары болсо Пешмерге күчтөрүнүн Башиканы көздөй баратканын жарыялоодо. Бирок Башика районунда Пешмерге менен ДЕАШтын ортосундагы кагылышуу дагы эле уланып жатканы белгиленүүдө. Пешмергенин кыска убактын ичинде Башика районун ала турганы божомолдонууда.

Бул учурда башика лагеринде орун алган түрк аскерлеринин  пешмергенин командирлеринин талаптары боюнча «Фыртына» пушкалары менен ДЕАШ буталарын удаама-удаа аткылай баштаганы белгиленди.

Бир тараптан АКШнын коргоо министри Эштон Картер, Ирактагы жолугушууларынын алкагында Ирактын аймыктык күрт башкаруусунун төрагасы Месуд Барзани менен жолукту.

Анда Барзанинин Картерге Башикада көзөмөл камсыздалганын айтканы белгиленди.

Мосул операциясындагы акыркы абалга баа берилген жолугушууда айрыкча аймактагы жарандардын абалы каралганы билдирилди.

Маалымат булактары Мосулда абадан жүргүзүлгөн операцияларда ДЕАШтын лидери Багдадинин жардамчыларынан Абу Усаменин да өлтүрүлгөнүн жарыялаган.

Ирак армиясы кечээ Мосулдун Хамедание району жана Бертилла районунда көзөмөлдү толугу менен камсыздады.

Мосулдун террор уюму ДЕАШтан тазаланышы үчүн Ирак армия бөлүктөрү, пешмерге күчтөрү жана көпчүлүгүн Башика лагериндеги түрк аскерлери машыктарган Нинова сакчылары 17-октябрда операцияларын баштаган.



Тектеш кабарлар