Иракта ДЕАШтын "уктаган уялары" ойгонду

Иракта террор уюму ДЕАШка каршы операциялар башталганда "уктаган уялары" ойгонуп ар кайсы жерде кол салууларын күчөтүштү.

594464
Иракта ДЕАШтын "уктаган уялары" ойгонду

Иракта террор уюму ДЕАШ, борбор шаар Багдаддын түндүгүндөгү Керкүктүн Дибис районунда электр станциясына кол салып үчөө Иран атуулунан турган 13 жаран каза тапты, 4 коопсуздук кызматкери жаракат алды.

«Андаолу» агенттигин кабарчысына маалымат берген Дибис районунун акими Абдуллах Нуреттин: «ДЕАШтын уктап жаткан уялары райондун түндүгүндөгү электр станциясына кол салды. Террористтерден бирөөнүн үстүндөгү бомбаларды жардырып жиберишинин себебинен 13 станция жумушчусу каза тапты»,-деп айтты.

«Станциянын ичинде калган 3 террорист жок кылынды жана бирөө офицерден турган 4 полиция жаракат алды»,-деди Абдуллах Нуреттин.

Андан башка 5 райондо коопсуздук күчтөрүнө таандык имараттарга кол салган ДЕАШтын уктаган уяларынын арасында жанкечтилик кол салгычтар да бар экени жарыяланууда.

Керкүктүн шаар борборуна чыгууга тыюу салынганына карабастан, уюмдун «уктаган уялары» бир убакта жанкечтилик кол салууларын кылышынын себебинен көчөлөрдө кагылышуу күчөдү.

Шаардын борбордук коопсуздук жайынын директору, полковник Адил Зейнелабидин, Керкүктө ДЕАШтын «уктаган уяларынын» түн ортосунда коопсуздук күчтөрүнө таандык имараттарга колдорундагы жеңил куралдар менен кол салганын айтты.

Зенелабидин Керкүктин полициялык башкы директорлугу, Полициянын ыкчам чара көрүүчү бөлүгү, Керкүктүн Губернаторлугу жана коопсуздук күчтөрүнө таандык имарттарга кол салган ДЕАШтын мүчөлөрү террористтерге полиция жана коопсуздук күчтөрү тарабынан катуу каршылык көрсөтүлгөнүн айтты.

Шаарда Суннит фонду, мечиттер жабылганын жана жума намазы окулбай турганын билдирди.

Ирактын түркмөн фронтунан, Эрбилдин эл өкүлү Айдын Маруф: «Зулум террор уюму ДЕАШтын качан кантип кол сала турганы билинбейт. Элдин коопсуздугун камсыздаш үчүн бүгүн көчөгө чыкпоосу маанилүү. Мосул сыяктуу Керкүк да маанилүү, анткени бир топ этникалык жана диний элементтер чогуу жашашат.»,-деп айтты.

Багдаддын түндүгүндөгү Эд-Дура аймагына караштуу Араб Эл-Жубур айылында болсо аскердик күзөтчү унаасы өткөн учурунда жарылуу болуп 2 аскер каза тапты, 4 аскер жараланды.

Кол салууну азырынча эч ким моюнга ала элек.



Тектеш кабарлар