Аймактык коопсуздук

Эштон Картердин программасы

592623
Аймактык коопсуздук

АКШнын коргоо министри Эштон Картер аймактык коопсуздук темаларын сүйлөшүү үчүн жума күнү Түркияга келет.

АКШнын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, министр Эштон Картер 20-27-октябрь күндөрүнүн аралыгында ДЕАШка каршы күрөшүүнүн маанилүү өнөктөштөрү менен жолугушуу жана НАТОнун коргоо министрлеринин жыйынына катышуу үчүн Түркия, Бириккен Араб Эмирликтери, Франция жана Бельгияга сапар жасайт.

Программасын Түркиядан баштай турган Картер, 21-октябрь жума күнү түрк жооптуу кызматкерлер менен жолугушат.

Пентагондун билдирүүсүндө, Картердин Түркиядагы жолугушууларында аймактагы коопсуздук темалары менен катар Ирак жана Сириядагы кырдаалдын каралаары маалымдалды.



Тектеш кабарлар