Орусия туура эмес чечимдерди чыгарып жатат
Жон Керри маанилүү билдирүүлөрдү айтты.
![Орусия туура эмес чечимдерди чыгарып жатат](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/cf29/fb89/3128/57f3a61f00dbc.jpg?time=1719045894)
АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Крри Орусияны Асад режимине колдоо көрсөтүп, жоопкерчиликсиз жана туура эмес чечимдерди чыгарып жатканы менен күнөөлөдү.
Бельгиянын борбору Брюсселде маалымат берген Керри, Сирияда ок атпоо аракеттери үчүн Орусия менен жүргүзүп жаткан сүйлөшүүлөр токтотулгандан кийин маанилүү билдирүүлөрдү айтты.
Керри Москва башкаруучулугу менен сүйлөшүүлөр токтотулганына карабастан Сириядагы согуштун аякташы үчүн аракеттердин улантылышы керектигин баса белгиледи.
Сирия элинен баш тартпагандарын, тынчтык үчүн күрөшүүнү уланта тургандарын сөз кылган америкалык министр, Орусиянын Асаддын хлор газы жана баррель бомбалары менен кол салууларын көрмөксөнгө салганын белгиледи.
АКШ менен Орусия, Сириядагы кагылышууларды токтотуу жана курчалган аймактарга жардам жеткирүү темасындагы убадалар орундалбай жатат деп бири-бирлерин күнөөлөп, ок атпоо сүйлөшүүлөрүнүн токтогондугун билдиришкен болчу.
Тектеш кабарлар
![Грецияда Ковид - 19дан ооруканага жаткандардын саны өсүүдө](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/df8b/65dd/132e/61f21565413ee.jpg?time=1719045894)
Грецияда Ковид - 19дан ооруканага жаткандардын саны өсүүдө
Акыркы төрт жумада ооруканага жаткырылгандардын орточо саны 166 болду.