АКШ Орусиянын Крым татарлары тууралуу чечимин четке какты

Марк Тонер Орусия жогорку сотунун чечимине байланыштуу жазуу түрүндө маалымат берди

580757
АКШ Орусиянын Крым татарлары тууралуу чечимин четке какты

АКШ Орусия жогорку сотунун Крым татар улуттук парламентине тыюу салуу чечиминин мыйзамдуулугун кабыл албагандыгын билдирди.

АКШнын тышкы иштер министрлигинин катчысы Марк Тонер Орусия жогорку сотунун чечимине байланыштуу жазуу түрүндө маалымат берди. «АКШ Орусия жогорку сотунун Крым татар улуттук парламентине тыюу салуу чечиминин мыйзамдуулугун кабыл албайт»,- деген Тонер парламенттин сот тарабынан «ашыкча уюм» катары аталышын да четке кагышкандарын баса белгиледи.

Демократиялык мекеме болгон парламенттин иштеринин токтотулушун айыпташкандарын белгилеген Тонер : «Крым татарларына карата системалуу жана адилетсиз мамилелерди улантып жаткан Орусиянын бул чечими тынчсыздандыруучу»,- деди.

Тонер Москва башкаруусунун Крым татарларды камоо, саясий мотвациялык соттоо, үй жана мечиттерге жасаган басып алууларды улантканына да токтолду.

«Орусияны кабыл кабыл алынгыс иштерин дароо токтотууга чакырабыз»,- деген Тонер Орусиянын Крымды мыйзам тышы аннекция кылуусунун кабыл алынбай тургандыгын жана Москванын Крымдагы өкүмдүгүн таштаганга чейин АКШнын санкциясынын улантыларына көңүлдөрдү бурду.


 



Тектеш кабарлар