Клинтондун ден-соолугу жакшы
Клинтон медициналык текшерүүдөн өттү
570895
Хиллари Клинтондун ден-соолугу акыркы бир жуманын ичинде АКШ медиасында эң көп орун алган темалардын бири болду.
Пневмония дартына кабылган Клинтондун ден-соолугу тууралуу жазуу түрүндө маалымат берилди.
Билдирүүдө АКШ президенттигине талапкер биринчи айымдын дарыгери Лиза Бардак, Клинтонду шаршемби күнү үйүндө медициналык текшерүүдөн өткөргөндүгүн жана жыйынтыгы жакшы экенин белгиледи.
Клинтонго көптөн бери дарыгерлик кылган Лиза Бардак, демократ талапкердин акыл-эси абдан жакшы абалда экенин баяндады.