ПЙДнын жалаа жабыш үчүн мыкаачылык планы

ПЙД, Эркин Сирия армиясынын Мүнбич багытын көздөй илгерилөөсүн «Түркия Рожаны басып алат» айтымдары менен бурмалоого аракет кылууда.

561463
ПЙДнын жалаа жабыш үчүн мыкаачылык планы

Бөлүүчү террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ПЙД/ЙПГнын мүчөлөрүнүн Эвфрат дарыясынын батышында жарандарды өлтүрүп Түркияга жалаа жабуу даярдыгын кылганы белгиленди.

Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда террористтер 8-августта Мүнбичке көп сандаган курал, унаа, материал жана согушкерлери жүктөлгөн жүк унааларын алып барды.

Эркин Сирия армиясынын Мүнбич багытын көздөй илгерилөөсүн «Түркия Рожаны басып алат» айтымдары менен бурмалоого аракет кылган террор уюму ПЙД/ЙПГ элементтеринин 2014-жылы 6-8-октябрда Кобани шылтоосу менен Түркияда кылгандарына окшогон зомбулук кыймылдарын кыла тургандары, муну дүйнөлүк коомдук пикирге ар түрдүү берүүлөр менен Түркияга каршы пропагандага айланта турганы белгиленди.

Эвфрат дарыясынын чыгышында орун алган ПЙД/ЙПГнын мүчөлөрүнүн сириялык жарандарды имараттардын ичкерисинде барымтада кармаганы, бул жерлерге курал жүктөлгөн унаалар жайгаштырылып кургактык элементтери жана аба күчтөрүнүн бомбалоолору үчүн бутага айландырганы белгиленди.

Террор уюмунун бул жүрүш менен «Түркия жарандарды өлтүрүүдө» деген пропагандасын жасап, эл аралык коомдук пикирди кысымга алууну максаттаганы белгилүү болду.

Мүнбич багытына чегинген террор уюму ПЙД/ЙПГ элементеринин, сириялык жарандарды өлтүрө тургандары, кайра эле ушул кыймылдарды да «түрктөр жана оппозициячылдар кылгандары жөнүндө» негизсиз кабарларды жайып, «Эвфрат калканы» кыймылынын таасирин азайтуу аракетин кыла тургандары белгиленди.



Тектеш кабарлар