Оппозициячылдар режим күчтөрүнүн Халебди курчоосун талкалады

Сириялык оппозициячылдар Халебди курчоону талкалоо операциясынын 7-күнүндө шаардын түшүтүгүндөгү Рамусе аймагынын чоң бөлүгүн колго алды.

546636
Оппозициячылдар режим күчтөрүнүн Халебди курчоосун талкалады

Сирияда оппозициячылдар Асад режиминин Халебди курчоосун талкалап чыкты.

Сириялык оппозициячылдар Халебди курчоону талкалоо операциясынын 7-күнүндө шаардын түшүтүгүндөгү Рамусе аймагынын чоң бөлүгү менен Аба техникалык мектебин көзөмөлгө алууну  камсыздады.

Фетх армиясынын кагылышууларда Рамусе кесилишкен жолун, нан чыгаруучу жайды жана мунай зат станциясынын көзөмөлүн камсыздаганын белгилеген булактар, оппозициячылдардын 7 күндө режим тарапта согушуп жаткан Иран, Ирак жана Хизбуллах согушчандарынан турган 150 кишини жок кылганы белгиленди.

Режим менен күрөшүп жаткан сириялык оппозициячыл топтордон Жейшул Ислам жана Ахраруш Шам да Халебдеги режим курчоосунун талкаланганын ырастады.

Оппозицичылдар мурдагы күнү Рамусе аймагында стратегиялык мааниге ээ болгон Замбирекчи окуу жайы, Куралдандыруу комплекси менен Бейанат комплексин көзөмөлгө алган.



Тектеш кабарлар