Халебдеги акыркы кырдаал

Акыркы чабуулда 30 киши каза таап, 70 киши жараланып, көптөгөн материалдык чыгымга учуратылды.

540391
Халебдеги акыркы кырдаал

Сириянын Халеб шаарынын Жераблус районунда Америка Кошмо Штаттары жетектеген коалицияга таандык согуштук учактары базар жана жергиликтүү калктын турак жайлары жайгашкан жерлерге чабуул жасады. Бул чабуулда 30 киши каза таап, 70 киши жараланып, көптөгөн материалдык чыгымга учуратылды.

Орусия жана Асад режими өз учурунда Халебдин тургундарына гуманитардык жардам жеткирилиши боюнча макулдашышты.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу, курчоо алдына алынган шаарга үч  гуманитардык жардам жолу ачылаарын, шаардан чыгып кетип жаткандарга тамак-аш жана дары-дармек бериле тургандыгын билдирди.

Сириянын президенти Асад, Халеб шаарында армияга каршы согушкан топко кайрылуу жасап, эгерде алар багынып берип колундагы туткундарды эркиндикке чыгарса жаза албай тургандыгын айтты.

АКШ бийлиги  жогорудагы кайрылуу жарандар үчүн гана колдонулушу керек, антпесе террорист топтордун да мүмкүнчүлүктөн пайдаланып эркиндикке чыгып кетиши мүмкүн экендигин эскертти.

Бириккен Улуттар Уюмунун Сириядагы атайын өкүлү Стефан де Мистура  абалды оң деп баалап, Халеб шаарына гуманитардык жардамдын келиши үчүн алгач аймактагы чыр-чатактын токтошу керек экендигин баса белгиледи.

Сирия армиясынын курчоосу астында калган Халеб шаарында болжолу менен 300 миң адам жашаары айтылууда.

Учурда Сириядагы терор уюму ПККнын уландысы ПЙД менен бирге кыймыл кылган Асад бийлиги, Халебде атаандаштарынын колундагы Эшреф жана Бени-Зейд аймактарын басып алды.



Тектеш кабарлар