Түркиялык министрлер Орусияда

Эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык алакалар кайрадан жандандырылат

537648
Түркиялык министрлер Орусияда

Түркия-Орусия мамилелеринде жаңы мезгил башталгандан кийин Москвага министрлер деңгээлинде алгачкы сапар жасалууда.

Вице-премьер Мехмет Шимшек менен экономика министри Нихат Зейбекчинин карым-катнаштардагы жаңы мезгилдин алкагында бүгүн Москвага баруулары өзгөчө экономикалык тармакта кайрадан калыбына келүү жараянын да кошо алып келет.

Вице-премьер Шимшек менен экономика министри Зейбекчинин Москвада өткөрө турган сүйлөшүүлөрүндө Түркиядан Орусияга азык-түлүк продукцияларынын экспорту, энергетика жана туризм менен катар экономикалык тармакта таштала турган кадамдардын кеңири каралышы күтүлүүдө.

Экономикалык алакалардын кайрадан жандандырылышы менен катар кризистин алдында ортого коюлган максаттарга жетүү үчүн таштала турган кадамдар да сүйлөшүлөт.

24-ноябрда орус учагынын атып түшүрүлүшү менен чыңалган мамилелер, президент Режеп Тайип Эрдоган менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин ортосундагы сүйлөшүү жана андан соң эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин Кара деңиз экономикалык кызматташтык жыйынынан улам Орусиянын Сочи шаарында жолугушуусунун негизинде нормалдашуу процеесине кирген болчу.



Тектеш кабарлар