Каддафинин канжары Стамбулда табылды

Канжар 10 миллион долларга сатылмак

509990
Каддафинин канжары Стамбулда табылды

Ливиянын бийликтен кулатылган лидери Мауммер Каддафинин жоголуп кеткен канжары өлүмүнөн 5 жыл өткөндөн кийин табылды.

Каддафинин сарайынан талап-тонолгон, пилдин тишинен жасалган алтын, изумруд, бриллиант, сапфир жана рубин таштары менен кооздолгон канжар сатылууга аракет кылынып жатканда кармалды.

Стамбулдун кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча директорлугунун топтору, канжар сауд арабиялык ишкерлерге 10 миллион долларга сатылганы жатат деген маалымат боюнча операция жүргүздү.

Операцияда канжарды сатууга аркет кылган киши жана эки жардамчысы камакка алынды.

Канжардын Ливиядагы оппозициячыл топтон 4,6 миллион долларга сатылып алынганы маалымдалды.

Жүргүзүлгөн иликтөөлөрдө, жаш пилдин тишинен жасалган жана баалуу таштар менен кооздолгон канжардын баасынын кеминде 2 миллион доллар экени аныкталды.



Тектеш кабарлар